Кыргыз Республикасынын Улуттук Тунгуч Гезити

1924-жылы негизделген, 7-ноябрда негизделген

Үстүбүздөгү жылдын 21-майында ЭлТР телекөрсөтүүсүндө Манас күнү өткөрүлөт. Бул маанилүү маданий иш чара үч бурчтук түрүндө
18 Мая 2012, 11.50 ...
13-майда Стамбул жана Анкара шаарларынан 5 чоң авто унаа менен 300дөн ашуун кыргыздар Изник шаарынын күн чыгыш дарбазасынын
18 Мая 2012, 11.49 ...
  Сүйүнбай ЭРАЛИЕВ, Кыргыз Республикасынын Батыры Энеме Түбөлүккө калган сенин элесиң: Анткени сен дүйнөгө Жалгыз гана
18 Мая 2012, 11.48 ...
Өлкөбүздөгү жалгыз адабий басылма болуп жаткан «Жаңы Ала-Тоо” журналынын жаңы саны КРнын эл жазуучусу Э.Турсуновдун жаңы
18 Мая 2012, 11.48 ...

Апта суроосу

Кыргызстан электр энергия сатту менен казынага киреше түшүрсө болобу?



 

 

kyrgyzsalam

header_3

-_

_

emblem

 banner_paragraf    

pl

www.open.kg_banner                                            

aktilek

k-news

 

           

Аба ырайы

Яндекс.Погода

Статистика

Биздин жанылыктар

Previous Кийинки
  • 1
  • 2
  • 3
  • 4
  • 5
  • 6
  • 7
  • 8
  • 9
  • 10
  • 11
  • 12
  • 13

Тамчыда казино эмес, балдардын аттракциону курулат

Өкмөттүн "Стабилдүү өнүгүү жана татыктуу жашоо" аттуу 100 күндүк программасынын алкагында бизнес чөйрөсүнө ишенимдүү артыкчылыктар берилген. Мындан ары аткаруу органдары ар бир үч айда Жогорку Кеңештин жана жалпы коомчулуктун алдында жасаган иштери боюнча отчёт берип турууну адатка айландырмакчы. Мына ошого байланыштуу ачыктык, айкындуулук процесси ишке ашырылып турмакчы. Бул жөнүндө 16-февралда бизнести жана инвестицияны өнүктүрүү боюнча КРнын Өкмөтүнө караштуу кеңештин кезектеги жыйынында айтылды.

Экономика жана монополияга каршы саясат министрлиги сатуудан түшкөн салыктын ставкасын  үч жылдын ичинде этаптуу азайтууга өтөт. Сатуу салыгынан учурда бюджетке 5,7 млрд. сомго жакын каражат түшүп жатат. Бирок, аталган салыктын түрү 2008-жылы убактылуу гана киргизилген. Андан түшкөн киреше башка салыктардын эсебинен жабылуу менен алынып салынат. Бизнес чөйрөсүнө жагымдуу шарт түзүп берүү бийликтин башкы милдеттеринин бири.

100 күндүк программанын алкагында тоо- кен тармагын өнүктүрүү реформасынын нормативдик укуктук актыларынын долбоору сунушталууда. Ага инвесторлор менен кошо эле борбордук аткаруу жана жергиликтүү бийликтер, жарандык коомдордун өкүлдөрү, жалпы элдин кызыгуусу күч. Долбоордун талкуусун тоо-кен байлыктарын иштетүү аймактарында жергиликтүү элдин катышуусунда өткөрүү пландаштырылган. Элдин көйгөйлөрүн угуп, көчмө кеңешме уюштурулат. Сын-пикирлердин жыйындысын эске алып, бул боюнча иштеп жаткан жумушчу топ акырында парламентке жаңы сунуштарды киргизүүсү күтүлүүдө.

Талаштан тактык жаралат демекчи, жы­йында туризм тармагына келгенде ача пикирлер чыгып жатты. "Улуу жибек жолу" туризм ассоциациясынын президенти А.Комиссаров программа боюнча бир нече сын-пикирин айтты. "100 күн программасында туризм тармагы бир нече сап менен эле белгиленип калыптыр. Кумар оюндарын Тамчыга көчүрүү туризмди өнүктүрүүдө өтө чоң зарылчылык туудурбайт. "Улуу жибек жолун" өнүктүрүү депсиздер. Ага Таш-Рабат менен эле Буранадагы мунара сыяктуу бирин-экин жайларды көрсөтүүдөн ары ашпаган иш", - деп ишкерлердин пикири камтылбагандыгына токтолду. Ушул эле жыйында буга чейин коомчулукта эки ача көз караштарды жаратып келген туризм тармагынын ишкерлерине лицензия берилет экен деген маалымат төгүндөл­дү.

Комиссаровдун жогорудагы пикирлерине министр Темир Сариев: "Тамчыда оюн-зоок жайлары курулат дегенди туура түшүнүү керек. Мында казинолор тууралуу айтылып жаткан жок. Ал жакта шопинг борбору, кино театрлар, балдардын оюн-зоок аттракциондорунун курулушу тууралуу айтылып жатат. Өкмөт туризм тармагынын өнүгүүсү үчүн жагымдуу шарттарды, керектүү мыйзамдарды кабыл алып берүү менен колдоого тийиш. Ал эми Кыргызстанды дүйнө коомчулугуна таанытуу үчүн эл аралык жалпыга маалымдоо каражаттарына, сайттарга чыгаруу керек. Сиздер тескерисинче ага кызыкдар болушуңар керек" - деген пикирин билдирди. Айтор, аталган тармак өз министрлиги менен бир багытта тынымсыз иш алып барып, келерки жайкы сезонго даярданышы кажет.

Аталган жыйында ишкерлер чөйрөсүнүн иштешине жагымдуу климат түзүүнүн чаралары каралды. Экономика жана инвестициялар боюнча вице-премьер-министр Жоомарт Оторбаевдин кечээ ишкерлер менен болгон тегерек стол жыйынында айтылгандай 80 пайыз ишкерлер Кыргызстанда чиновниктерге пара берүүгө аргасыз болуп келген коррупцияны болтурбоо күрөшү аёосуз жүр­гүзүлөт.

Назира АЛИЕВА

kginfo_btn363     toguz-korgool                                  

logo-kg_saitka                      

erkin

  

Биздин реквизиттер

"Кыргыз Туусу" гезити
Бишкек ш., Абдумомунова көч., 193.
ИНН. 01012199310063
Р/С 4172000248
ОАО РК "Аманбанк2"
МФО 330107705
Код. 004 Первомайский район

Дарегибиз

Кыргызстан, Бишкек ш., 720040.
Т. Абдумомунов көч. 193.
телефон: 62-20-18
факс: 62-20-25