|
Президент Алмазбек Атамбаев АКШнын мамлекеттик катчысынын жардамчысынын Түштүк жана Борбордук Азия боюнча орун басары 21 Февраля 2012, 12.41 ... |
|
Айыл чарбасында аткарар иш алдыда Жаңылыктар Өткөн жылы кыш эрте түшкөндүгүнө байланыштуу 100 гектар буудайдын күздүгү айдалбай калган, жер семирткич жетиштүү камсыз 21 Февраля 2012, 12.40 ... |
|
«Манаста» каралган маселе – тышкы саясат Жаңылыктар Кыргыз дипломатиясынын тарыхын, өткөн жыйырма жыл ичиндеги жетишкендиктерин белгилөө, мамлекеттик башкаруу жана эл аралык 21 Февраля 2012, 12.40 ... |
|
Үрөндү биргелешип даярдайбыз Жаңылыктар – Үрөнчүлүк боюнча 68 мамлекет менен байланыштабыз. Жылына 118 млн. доллардык үрөндү экспорттойбуз. 2023-жылга Түркиянын 100 21 Февраля 2012, 12.39 ... |
21.02.2012
Президент Алмазбек Атамбаев АКШнын мамлекеттик катчысынын жардамчысынын Түштүк жана Борбордук Азия боюнча орун басары Сьюзен Эллиот жетектеген АКШнын делегациясын кабыл алууда республикабызда АКШнын аскерлеринин жайгашышы тууралуу маселени козгоп, “Манас” жарандык аэропортунда 2014-жылдын жай айларынан кийин чет элдик аскердик контингент болбошу керектигин билдирди.
Мамлекет башчысы АКШ менен кызматташуу Кыргызстандын улуттук кызыкчылыктарына негизденип ишке ашырылаарын, ал эми демократиялык өнүгүү эки өлкөнүн эки тараптуу мамилелерин чыңдоонун факторлорунун бири катары кызмат кылаарын белгиледи.
21.02.2012
Өткөн жылы кыш эрте түшкөндүгүнө байланыштуу 100 гектар буудайдын күздүгү айдалбай калган, жер семирткич жетиштүү камсыз болбогон, мал чарбасында жугуштуу мал ылаңы көбөйүп, экспорттоого чоң тоскоолдук болгон.
Айыл чарбасы жана мелиорация министрлигинин коллегиясында министрдин орун басары Дыйканбай Кенжебаев баяндамасында айткандай, өткөн жылы айыл чарбасында 103,7% өсүш болгон. 147347 млн. сомдук айыл чарба продукциясы өндүрүлгөн. Облустардан Ош – 104, Чүй – 103, Жалал-Абад – 102 пайыз жогорулоону камсыздашкан. Дыйкандарга 7%дык 567 млн. сом насыя, Россиядан 1000 тонна буудайдын, Казакстандан 500 тонна арпанын үрөнү жана арзан күйүүчү май берилген.
21.02.2012
Кыргыз дипломатиясынын тарыхын, өткөн жыйырма жыл ичиндеги жетишкендиктерин белгилөө, мамлекеттик башкаруу жана эл аралык мамилелер адистиктеринде окуп жатышкан студенттердин билим алууга болгон кызыгуусун арттыруу, алардын тышкы байланыш тармагын өнүктүрүүнүн жолдорун изилдөө Кыргыз-Түрк “Манас” университетинде өткөрүлгөн иш чаранын негизги максаты болуп калды.
Өз сөзүндө КТМУнун ректору профессор Себахаттин Балжы Президенттин Аппаратынын Тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Исаков Сапар мырзанын келишине ыраазычылыгын билдирүү менен Кыргызстандын өрнөктүү, энергиялуу жана жаш тажрыйбалуу жетекчилеринин бири экендигине жана атайын өзүнүн иш тажрыйбаларын студенттер менен бөлүшүп туруусу үчүн чакырылгандыгына токтолуп, мындан ары да бул семинар ай сайын болуп турарын айтты.
21.02.2012
– Үрөнчүлүк боюнча 68 мамлекет менен байланыштабыз. Жылына 118 млн. доллардык үрөндү экспорттойбуз. 2023-жылга Түркиянын 100 жылдыгына карата 500 миллионго жеткиребиз. Сиздер эс- кирген үрөндөрдү пайдаланып жатыпсыздар. Бирге иштешсек, экологиялык таза түшүмдүү үрөндү даярдоого, пайдаланганга жетишебиз, – деди өткөн жумада Түркиянын
ТСУАБ – үрөн өндүрүүчүлөрдүн жана өстүрүүчүлөрдүн бирикмесинин төрагасы Илхами Өзжан Айгюн КРнын үрөнчүлүк ассоциациясынын президенти Таалайбек Айдаралиев жана Кыргызстан-Түрк “Манас” университетинин агрардык факультетинин деканы Аскарбек Түлөбаев менен айыл чарба өсүмдүктөрү жана мал чарбасы үчүн үрөнчүлүк тармагын алдыңкы технологияда даярдоо боюнча кызматташуу тууралуу меморандумга кол коюу учурунда.
17.02.2012
Маалымат каражаттарына нефтетрейдерлер Ассоциациясынын президенти Жумакадыр Акенеев бажы кодексине өзгөртүүлөр киргизилип, Кыргызстандын бажы кызматы Россиялык бензин жөнөтүүчүлөргө кошумча төлөм киргизилгендиктен, чек арада 22 миң тонна күйүүчү май өтпөй тургандыгын, эгер ал шартта күйүүчү майды ала турган болсок, баасы 10-15 сомго кымбаттап кетээрин маалымдоодо. Гезит чыгып жатканда Жумакадыр Асанкуловичке кайрылдык.
- Баанын көтөрүлүшүнө эмне себеп болууда?
- Кыргызстандын бажы кодексине 1-февралдан толуктоо киргизилиптир. Ал боюнча тышкы экономикалык ишкердикке туура келиш үчүн Россиянын компанияларынын диллерлери бажы төлөмдөрүнүн баарын төлөп, Кыргызстанга өткөрүп бериш керек экен, же болбосо биздин нефтетрейдерлер түздөн-түз диллери жок заводдор менен келишим түзүш керек экен. Ал эми Россиянын заводдору өздөрүнүн диллерисиз бизди жолотпойт.
Страница 1 из 123
"Кыргыз Туусу" гезити
Бишкек ш., Абдумомунова көч., 193.
ИНН. 01012199310063
Р/С 4172000248
ОАО РК "Аманбанк2"
МФО 330107705
Код. 004 Первомайский район
Кыргызстан, Бишкек ш., 720040.
Т. Абдумомунов көч. 193.
телефон: 62-20-18
факс: 62-20-25