|
Дагы бир Боогачы чыкты Маанилүү маек 15-январдын түнү кыргыздын ыр күйөрмандары телевизордун кашында тирмийип, Стамбулда өтүп жаткан “Евразия жылдызы” эл 27 Января 2012, 15.25 ... |
|
Бийден бакыт тапкан Зарылбек Маанилүү маек Кыймылдын гармониялуусу, адамга эстетикалык ырахат тартуулаганы – бий. Бийден бакытын тапкан Зарылбек МОЛДОБАКИРОВ 27 Января 2012, 15.24 ... |
|
Улуу устаттын аты унутулбайт Маанилүү маек Кыргыз Республикасынын эл артисти, СССР композиторлор союзунун мүчөсү, профессор Алтынбек Жаныбековдун бейнесине 27 Января 2012, 15.22 ... |
|
Азаматсың, Апасов! Маанилүү маек Сөз Тунгучбай Апасов жөнүндө болмокчу. Кан майдан базар эмес экендигин түшүнбөгөндөр силер согушта көрүштүңөр беле деп 27 Января 2012, 15.21 ... |
27.01.2012
Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев 2012-жылды – Үй-бүлө, тынчтык, ынтымак жана кечиримдүүлүк жылы деп жарыялоо жөнүндө жарлыкка кол койду. 27.01.2012
27.01.2012
Быйылкы кыш өз өкүмүн берген жок. Айрым жылдары кыштан эптеп-септеп чыгып кетчү эл быйыл бир топ жүдөдү. Өткөн жылдын 28-октябрынан тартып облустун аймагында кар аралаш жаан жаап, аба ырайы кескин өзгөрүп, суук түшүп, даярдыгы жок эл менен бийликтин бир топ шаштысын алды. Натыйжада электр тармактарынын 6-10 кВ чыңалуудагы электр линияларында облус боюнча жалпысынан 104 авария болуп, өчүп калууга жол берилип, социалдык объектилерди, калкты камсыздоо үзгүлтүккө учураган. Андан кийин ноябрь-декабрь айларында Өзбек Республикасынан жаратылыш газын берүү токтотулгандыктан Жалал-Абад, Майлуу-Суу шаарларынын калкын, социалдык объектилерин жылуулук энергиясы, жаратылыш газы менен камсыздоо үзгүлтүккө учураган. 27.01.2012
Жылда Өкмөттө жазгы талаа иштерине камылга март, апрель айларында каралып келсе, бы¬йыл бул маанилүү маселе кыш ортосунда - январда каралды. Өкмөттүн кезектеги кеңешмесинде өткөн жылы дыйкандарга 9%дык насыя берүүнүн натыйжасында айыл чарбасында 4,2% өсүш болгондугу белгиленип, быйыл 7% үстөк менен 1 млрд. сом берүү чечилди. Өткөн жылдан өзгөчөлүгү эми дыйкандар гана албастан, мал баккандарга да бөлүнөт. Түштүктө жаз эрте келгендиктен, насыяны февраль айында эле “Айыл банкы”, РСК банктары бере турган болду. Бюджетке май айында да өзгөртүүлөр киргизилип, чакан насыялоого дагы 1 млрд. сом берүү белгиленди. 27.01.2012
Өкмөттө 2012-жылга карата республиканын бюджетинин долбоору жана 2012-2014-жылдарга бюджеттин божомолу талкууланып жатканда Премьер-министр Өмүрбек Бабанов каржы полициясы менен салык кызматы жакшы иштесе, көмүскөдөн 30-40 миллиард сом алууга болорун билдирди. Быйыл бюджеттин тартыштыгы 6 млрд. сомду түзүүдө. Киреше 88 млрд. 451 млн. сом болсо, чыгаша 94 млрд. 768 млн. сомго барууда.Страница 1 из 145
"Кыргыз Туусу" гезити
Бишкек ш., Абдумомунова көч., 193.
ИНН. 01012199310063
Р/С 4172000248
ОАО РК "Аманбанк2"
МФО 330107705
Код. 004 Первомайский район
Кыргызстан, Бишкек ш., 720040.
Т. Абдумомунов көч. 193.
телефон: 62-20-18
факс: 62-20-25